Ачык шахмат турнири

8Апр

Ачык шахмат турнири

Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемеси Кыргыз Республикасынын Шахмат Федерациясынын колдоосу менен сергек жашоону пропагандалоо максатында, жаш балдар жана өспүрүмдөр арасында шахмат спортун жайылтуу үчүн  6-14 жаштагы мектеп окуучуларын ачык шахмат турнирине чакырат.

Өткөрүлүүчү убакыт жана жери:

Өткөрүлүүчү күн: 8-9-апрель 2017-ж.

Дареги: «Сейтек-Тунгуч» ТЭЖББМ мектебин, Бишкек шаары, Анкара 15


Регламент: Турнир Эл аралык шахмат федерациясынын эрежелеринин негизинде өтөт. Турнирде убактысы чектелип, 9 тур оюн ойнолот: биринчиден баштап ар бир катышуучуга 15 мүнөт, ар бир жүрүшкө 5 секунд кошулат. Топтолгон упайдын негизинде байгелүү орундар чечилет.


Турнирге катталуу үчүн: https://goo.gl/forms/ImgNu1NZcZvohgMa2

Байланыш үчүн: 0558 569 551

Маалымат
Башталышы
08 Апр 2017, 09:00
Бүтүшү
09 Апр 2017, 16:00
Адрес
Ул. Анкара, 15
Организатор
Аты-жөнү
Айжан Тагаева
Телефон
+996 558 569 551
Email
tagaeva@sebat.edu.kg