Себаттын 11 бүтүрүүчүсү президенттин колунан мактоо баракчасы менен сыйланды.

KG: "Себаттын" 11 бүтүрүүчүсү Кыргыз Республикасынын президентинин колунан мактоо баракчаларын алышты. 2016- жылдын 1-июль күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө мактоо баракчаларын тапшырды. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Эл аралык «Cебат» билим берүү мекемесинин 11 окуучусу жогорку баллга ээ болуп, мактоо баракчанын тапшыруу аземине катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле "Себаттын" 9 окучуусу жакшы балл алып алдыңкы орундарга ээ болуп, Президенттин колунан кызыктыруучу белектерди алышты. Жогорку балл алган бүтурүүчүлөр: 1. Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицейинин бүтүрүүчүсү Нурланов Темирлан – 231 балл; 2. Жалала-Абаддагы З.Нурматова атындагы лицейинин бүтүрүүчүсү Эфронова Кундуз – 228 балл; 3. Ысык-Көлдөгү Х. Карасаев атындагы лицейинин бүтүрүүчүсү Алымкулов Айдар – 227 балл; 4. Бишкектеги “Айчурөк” лицейинин бүтүрүүчүсү Жумашова Айжаркын - 226 балл; 5. Оштогу “Себат” лицейинин бүтүрүүчүсү Усенова Элина – 226 балл; 6. Караколдогу Х.Карасаев атындагы лицейинин бүтүрүүчүсү Сарыгулов Эридан – 226 балл; 7. Кадамжайдагы “Семетей” лицейин Озбеков Азизбек – 226 балл; 8. Бишкектеги “Айчүрөк” лицейинин бүтүрүүчүсү Замирбек кызы Айза – 225 балл; 9. Таластагы “Мээрим Себат” лицейинин бүтүрүүчүсү Донбаева Жасмин– 224 балл; 10. Бишкексктеги “Айчүрөк” лицейинин бүтүрүүчүсү Насырова Жибек – 223 балл; 11. Оштогу “Себат” лицейинин бүтүрүүчүсү Атакулова Айдай – 223 балл; Президент Алмазбек Атамбаев өлкө мектептеринин 52 мыкты бүтүрүүчүсүнө мактоо баракчаларын тапшырды. Алар ошондой эле Мамлекет башчысынын колунан башка баалуу белектерди – планшеттер менен бир жолу берилүүчү 10 миӊ сом өлчөмүндөгү стипендияны алышты

Close
Close