2018-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ЖРТ сынагынан алтын сертификат алган окуучуларды сыйлады.

2018-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ЖРТ сынагынан алтын сертификат алган окуучуларды сыйлады. Алтын сертификат алган (219 баллдан жогору) бүтүрүүчүлөрдөн тышкары Кыргызстан боюнча жогорку балл алган (210 - 218 балл) 7 окуучу Ардак грамотасы, 5 миң сом жана ноутбук менен сыйланды. 7 окуучунун 3 окуучусу биздин Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрү: Баяман Базарбаев - Кадамжай "Семетей" лицейи (218 балл), Гульнура Эркебаева - З.Бектенов атындагы Ысык-Көл лицейи (217 балл) жана Касиет Жумадилова -Талас "Мээрим" (217 балл) лицейи.

Маалымат катары: Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин 14 окуучусу ЖРТ сынагынын жыйынтыгы боюнча эң жогорку баллдарга ээ болуп алтын сертификат алышты.

Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин жалпы 17 бүтүрүүчүсү Президент Сооронбай Жээнбековдун колунан сыйлыктарды алышты.

Close
Close